Жаңылыктар
Коомдун коопсуздугун ойлоп, кооптуу кызматты аркалагандар
Кыргызстан жаңылыктары
Коомдун коопсуздугун ойлоп, кооптуу кызматты аркалагандар

Быйыл кыргыз милициясынын негизделгендигине 93 жыл толду. Буга байланыштуу майрамдык иш-чаралар облус, шаарларда өткөрүп, ар жылы 1-ноябрда белгиленип келет. Алгачкы жолу 1924-жылдын 1-ноябрынан баштап Кара-кыргыз автономдуу облусунда күч органдары иштей баштаган. Андан бери кыргыз милициясы башынан далай күндөрдү кечирди. Ары татаал, ары кооптуу кызматты аркалагандардын өмүрү күн сайын коркунучута, жаны бычактын мизинде.

Кылмыштуу чөйрө, ууру-кески, керек десе жанынан кечип адам өмүрүнө забын болгон коомдогу түрдүү адамдар менен түздөн-түз иштешет эмеспи. Коомдун коопсуздугу деп, кызмат учурунда жүрүп каза болгондор, киши колдуу болгондор мындан көп. Статистикада кыргыз милициясы түптөлгөндөн тарта кызмат кылып жаткан учурунда 272 кызматкер өмүрү менен кош айтышкан.

Талдоочулар акыркы 5-6 жылда гана укук коргоо органдарына мамлекет тарабынан көңүл бурулуп жатканын айтууда. Кызматкерлер турак-жай менен камсыздалып, тармакта бир катар реформалар да жүргүзүлдү. Деги эле 93 -жыл ичинде Кыргыз милициясы башынан кандай оор кырдаалдарды өткөрдү?

Жыл жаңыргандан бери эле бир нече милиция кызматкеринин өмүрү кыйылды. Анын бири жакында эле бычак жеп, көчөдө жан берген жаш милиция кызматкери. Окуянын эске салсак, 26-октябрга караган түнү Бишкектин Бөкөнбаев жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен милиция кызматкеринин сөөгү табылган. Кылмышкердин колунан бычакталып каза болгон милициянын кызматкери 25 жаштагы Уларбек Майрамбеков болуп чыкты. 

Андан сырткары июнь айында ИИМдин Свердлов району боюнча Адистешкен мамлекеттик күзөт кызматында иштеген милиция кызматкеринин аял кишинин колунан каза табышы да коомчулуктун назарын бурган. Ошондой эле Ошто болгон окуя.  Баңгизаттарын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматта иштеген подполковниктин сөөгү 24-мартта автоунаанын ичинен табылды. Кокустан ок жаңылып, же жол кырсыгынан каза тапкандар да бар. 

Сүймөнкул Идирисов, Биринчи радио