Жаңылыктар
Бүгүн маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы
Маданият
Бүгүн маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы

2-ноябрь Кыргызстанда маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы. 1926-жылы 2-ноябрда Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу Молдогазы Токобаевдин «Кайгылуу Какей» аттуу драмасы сахналаштырылган. 

Бул датаны эске алып 1995-жылы 28-июлда кыргыз өкмөтү Маданият ишмерлеринин күнүн 2-ноябрда белгилөө тууралуу №318 токтомун чыгарган. Кыргызстанда учурда 20 миңге чукул маданият кызматкери иштейт. 

Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин карамагында 20 театр, 45 музей, 1035 китепкана, 87 балдар музыкалык окуу жайы, маданият жана искусство кызматкерлерин даярдаган 2 жогорку окуу жайы, 8 орто билим берүүчү окуу жайы бар.