Жаңылыктар
Кыргызстанга Казакстандан көмүр ташыла баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанга Казакстандан көмүр ташыла баштады
www

Он күндүн ичинде Кыргызстанга Казакстандан 106 вагон көмүр келет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев билдирди. 

1-ноябарда өлкөгө алты вагон, ал эми бүгүн эртең менен тогуз вагон көмүр келди. 

Мындан сырткары дагы 106 вагон көмүрдүн келери күтүлүүдө. Зилалиевдин айтымында, бүгүнкү күндө ордо калаанын Жылуулук электр борборунда 2 айга жете турган 257 миң тонна көмүр бар. Ошондой эле 4 миң 800 тонн мазут камдалган. 

Казакстандан кара алтынды алып келүүдө кыйынчылыктар жаралгандан улам өкмөт жыйын өткөрүп, учурда "Кабак" кен чыккан жеринен Бишкек ТЭЦине 517 миң тонна көмүр алып келүү даярдалууда.