Жаңылыктар
Шашылыш билдирүү! Аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлүүдө
Өзгөчө кырдаал
Шашылыш билдирүү! Аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлүүдө

Кыргызстандын аймагында 3-4-5-ноябрда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу КыргызГидрометтен кабарлашты. Үчүндө кээ бир райондордо, ал эми 4-5-ноябрда көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, тоолорго кар түшүп, айрым жерлерде жаан-чачын каттуу жаашы ыктымал. 

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 18-23 метрге жетет. Абанын температурасы төмөндөп, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -13…-18° суук болушу күтүлөт. 

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.