Жаңылыктар
"Карек" кинофестивалында 75 тасма көрүүчүлөрдүн сынына коюлат
Маданият
"Карек" кинофестивалында 75 тасма  көрүүчүлөрдүн сынына коюлат

Экинчи ирет өтө турган балдар жана өспүрүмдөр арасындагы республикалык "Карек" кинофестивалында 75 тасма көрүүчүлөрдүн сынына коюлат. Бул тууралуу уюштуруу комитетинен билдирди.

Фестивалдын башкы максаты — ышкыбоздорду жаштайынан тарта чыгармачылыкка аралаштырып, бул тармакты тереңдетип түшүндүрүү. "Жылдын башында жаш режиссерлорго кино тартууга чакырык ташталган. 

Алар талапка ылайык "Бул менин дүйнөм" темасынын алкагында тасмаларды тартуусу керек болчу. Сынакка тасмаларды кабыл алуу 10-октябрда жыйынтыкталды", — деп айтылат маалыматта. 

Фестивалга 7 жаштан 17 жашка чейинки жаш авторлордун эмгектери кабыл алынган. Иш-чара 14-15-ноябрда Бишкек шаарында өтөт.