Жаңылыктар
Сапар Исаков иш сапары менен Ташкентте
Саясат
Сапар Исаков иш сапары менен Ташкентте

Өкмөт башчы Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анда чек ара, соода жүгүртүү жана транспорттук байланышты бекемдөө маселелерине көңүл бурулду. 


Белгилей кетсек Өзбекстан менен Кыргызстандын кызматташтыгы жаңы денгээлге чыкты. Буга көп жылдан бери такталбаган чек ара тилкелеринин 80 пайыздан ашыгы такталганы далил. Ошол эле учурда Сапар Исаков Беларуссиянын өкмөт башчысы Андрей Кобяков менен көзмө-көз баарлашып, эки тараптуу байланыштын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. 



Премьер-министр Сапар Исаков башында турган Кыргызстандын Ташкентке келген курамы эки тараптуу бир катар олуттуу маселелерди бекемдөөнү максат кылат. Мындан улам Кыргызстандын делегациясында өлкөнүн негизги министрликтеринин жана мекемелеринин жетекчилери бар. 


“Эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү жакшы жолго коюлду. Бирок келечекте бул көрсөткүчтү 5 миллион долларга чейин чыгаруу керек. Ошол эле маалда эки өлкөнүн  президенттери белгилеген жумуштарды ишке ашырууга ыңгайлуу мезгил."-деп белгиледи өз сөзүндө Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов.


Ошону менен бирге Сапар Исаков Ташкенттеги Кыргызстандын элчилигинде болуп, элчилик жайгашкан эки кабаттуу имаратты кыдырып чыкты. Оңдоо жумуштарынан кийин элчиликтин ичи заманбап болуп жасалаганган. Өкмөт башчы элчиликке дубалга илинүүчү сүрөт белек кылды. 


Жума куну 3-ноябрда Сапар Исаков КМШнын өкмөт башчыларынын саммитине катышат. Анда экономикалык коопсуздукка терс таасир тийгизүү коркунучу бар эл аралык монополияга каршы туруу аракеттери сыяктуу 20 документ талкууланып кол коюлары күтүлүп жатат. Бул документтердин көбү экономикалык маселелерди камтыйт.