Жаңылыктар
Парламент жыйынында кышка даярдык талкууланды
Айыл чарба
Парламент жыйынында кышка даярдык талкууланды

Быйыл жылытуу мезгили өлкөдө электр энергиясынын тартыштыгы жок, өз калыбында башталды. Буга Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнүн жетиштүу деңгээлде болуп бергени да себеп болгонун вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев белгиледи.

Вице-премьер билдиргендей, учурда калкты кара алтын менен камсыз кылуунун көрсөткүчү да төмөн эмес. Тагыраак айтканда, учурда базаларда 535 миң тонна көмүр бар. Талап боюнча, эл 525 тонна кара алтын менен кыштан чыгат.

Буга чейин коңшу өлкөдөн кара алтын келбей калат деген маалыматтардан улам, жергиликтүү базарларда көмүрдүн баасы кескин өскөн жагдайлар катталган. Мындан көбүнесе ортомчулар пайдаланып жатышат. 


Өкмөттүн маалыматына караганда, бул жылы электр энергиясы тармагында техникалык жоготуулар кыскарып, учурда республика боюнча автоматташтырылган көзөмөлдөө жана каттоо жабдууларын орнотуу иштери аяктоодо. 


Күз-кышка даярдык өз деңгээлинде. Буга республикалык бюджеттен жалпы 3 млрд сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Өлкө аймагы боюнча 623 отун базасы ачылган.


Узакка созулган суроо-жооптон кийин парламент өкмөттүн кышка даярдык боюнча токтомун жактырды. Аны менен катар министрлер кабинетине кышкы маалда жолдорду өз убагында кардан тазалап туруу, электр жарыгын үзгүлтүксүз берүү жана көмүрдүн баасын бир калыпта кармоо боюнча бир катар тапшырмалар берилди.