Жаңылыктар
Октябрь революциясына 100 жыл
Кыргызстан жаңылыктары
Октябрь революциясына 100 жыл

Улуу октябрь социалисттик революциясына 100 жыл толду. 20-кылымдагы бул окуя дүйнөлүк тарыхтын өзгөрүүсүнө таасир эткен. 


Октябрь революциясы 7-ноябрда белгиленип, СССРдеги башкы майрамдардын бири болуп, 70 жыл бою майрам Москвада Кызыл аянтта чоң салтанат, аскердик парад менен өтүп келген. Бул майрам чоң салтанат менен акыркы жолу 1990-жылы белгиленген. 


СССРдин кулашы менен анын курамындагы мамлекеттер бул күндү майрамдоодон баш тартышкан. Бирок Кыргызстан майрамды ушул күнгө чейин белгилеп келет.




Бүгүнкү күндө Октябрь революциясынын маанисине тарыхчылар түрдүү баа берүүдө. Айрымдар аны Большевиктердин ыңкылабы катары да аташууда. Бирок ата-мекендик тарыхчылар Октябрь революциясы биздин элге жаңы барак ачканын бир ооздон белгилешет.




Октябрь революциясынын маанисин объективдүү изилдөө жана баа берүү. Илимпоздор дагы мына ушул теманын күңгөй-тескейин талкуулоо алдында турат.