Жаңылыктар
Кыш мезгилине көмүр маселеси кандай чечилүүдө?
Кыргызстан жаңылыктары
Кыш мезгилине көмүр маселеси кандай чечилүүдө?

Бишкектеги жылуулук борборунда 2 айга жете турган көмүр бар. Ошондой эле 4 миң тоннага жакын мазут камдалган. 


Казакстандан кара алтынды алып келүүдө кыйынчылыктар жаралгандан улам, өкмөт жыйын өткөрүп, учурда "Кабак" кен чыккан жеринен Бишкек ТЭЦине 517 000 тонна көмүр алып келүү боюнча иштер жүрүүдө. 


Чек ара жагдайына байланыштуу Казакстанда айрым Кыргызстандан барган азык-түлүк жана башка товарлар кымбаттады.



Ал эми Кыргызстанда Казакстандан келген азык-түлүктү баасынын жогорулашы анча деле байкалбайт. Базарларда казак унунун, күрүчтүн, ошондой эле күнүмдүк керектелүүчү азыктардын баасы өзгөргөн жок. Жагдайды алдын алуу үчүн Монополияны жөнгө салуу агенттиги апта сайын мониторинг жүргүзүп жатат.


Ал эми көмүр сатуучу кампаларда Казакстандан келген көмүрлөр аз өлчөмдө. Аба ырайынын жылуу болуп жаткандыгынан улам, кара алтындын баасынын жогорулоосу азырынча баштала элек. Экономика министрлиги биринчи кардын жаашы менен, көмүрдүн баасы кескин көтөрүлүп кетишин ооздуктоо үчүн атайын долбоор сунуштоодо.

Кошумчалай кетсек, 1-ноябрда өлкөгө алты вагон, ал эми бүгүн эртең менен тогуз вагон кара алтын келди. Буга кошумча жакынкы он күндүн ичинде Кыргызстанга Казакстандан 106 вагон көмүр келет.