Жаңылыктар
Кыргызстанда бензин баасы кымбатташы күтүлүүдө
Экономика
Кыргызстанда бензин баасы кымбатташы күтүлүүдө

Кыргызстанда бензин баасы кымбатташы күтүлүүдө. Муну серепчилер мунай затка болгон дүйнөлүк баанын  көтөрүлүп жатканына байланыштырууда. Мындай шартта күйүүчү майга болгон тартыштык жаралышы ыктымал. 

Экономика министрлиги ахыбалды көзөмөлгөалышы керектигин  Жогорку Кеңештин депутатыАзамат Арапбаев билдирди. Антпесе Орусиянын мунай зат ишканалары дагыпошлинаны өзгөртүшү мүмкүн экендигин кошумчалады.

Айына үч-төрт мин тонна бензин аткезчилик жол менен Казакстандан кыргызстанга келип  турганын экономика илимдеринин докторуЖумакадыр Акенеев ырастады. Бул күйүүчү майдын баасына таасирин тийгизетурганын белгиледи.

Өлкө аймагына күйүүчү майдан бардык түрүсырттан келет. Алардын басымдуу бөлүгү темир жол аркылуу келери белгилүү.Ошондуктан Орусиядан темир жол аркылуу бензин планда белгиленген мезгил келип жатканын Улуттук “Кыргызтемиржолу” мамлекеттик ишканасынын расмий өкүлү Эркин Каимов маалымдады.