Жаңылыктар
Ысык-Көл облусундагы шире чыгаруучу завод ишке кирди
Экономика
Ысык-Көл облусундагы шире чыгаруучу завод ишке кирди

Ысык-Көл облусунун Ананьев  айылындагы  шире чыгаруучу завод ишке кирди. Ишкана жылына беш миң тонна мөмө-жемиштерди  иштетип, андан 3 миллион литр шире чыгарат.  Заводдун ишке кириши менен 25 адам жумуш менен камсыз болду. 

Заводдун  ишке киришине Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду каржылык колдоо көрсөттү. Ишкана беш  түрлүү таттуу шире азыктарын түздөн-түз Орусияга экспорттойт. Келечекте  ишкананын ишмердүүлүгүн жогорулатуу аракеттери көрүлүп жатканын заводдун  кызматкери Дөөлөтбек Салмакеев билдирди:              

Ысык-Көл районунун акиминин орун басары Динара  Акматованын айтымында Ананьев айылындагы шире заводу учурда толук кандуу ишин баштаган. Ал заманбап техникалар менен жабдылган. Ошондуктан алар чыгарган  продукцияга болгон суроо-талаптын улам өсүп баратканын белгиледи.

Заводдун кубаттуулугу жогору. Ал саатына жарым тонна  шире чыгарууга жетишүүдө. Ишкананын келечеги бар. 

Кадыр Калилов, Биринчи радио