Жаңылыктар
Өкмөт кыш мезгилине көмүр тартыштыгы жок экендигин билдирди
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөт кыш мезгилине көмүр тартыштыгы жок экендигин билдирди

Кышында көмүрдүн баасы кымбаттабайт, баалар көзөмөлгө алынат. Бул тууралуу  бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеӊеште 2017-2018-жылдардын күз-кыш мезгилине карата өлкөнүн экономика тармактарын жана калкын даярдоо маселеси каралган пленардык жыйында айтылды. 

Анда маалымат берген вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин, быйыл кышка даярдык өз деӊгээлинде экенин, көмүр тартыштыгы жок экенин билдирди. Казакстанда да темир-жол аркылуу көмүр ташуу башталды. Ошондой эле быйыл "Токтогул" ГЭСинде суу мол топтолгондуктан, коӊшу өлкөлөргө электр энергиясын экспортто башталганы да белгилүү болду. Эл өкүлдөрү көмүр-отундун баасын кармап туруу маселесин, Кара-Кече кенине темир жолун куруу тууралуу да суроолорун узатты. Парламенттеги жыйындан сөздү кийинки репортаж улантат.


Ноябрь айынын башталышы жылуу болгондуктан көмүр алууга шашылган кардарлар деле көп байкалбайт. Бишкектегин чет жакасында жол бойлой тизилдген көмүр жүктөгөн унаалар тоннасын 4 миң сомдон сатып атса, атайын кампаларда кара алтын дүңүнөн 3500 сомдон бааланууда. Быйыл кампадагы көмүрдүн баары жергиликтүү көмүр кендерден. Бирок таш көмүрдүн баасына карата нааразычылыктар бар. Казакстандан келбейт экен деген имиштен пайдаланган ортомчулар бааны жасалма көтөрүп жатат дейт шаар тургуну Урбай Аденов.


Өкмөт Казакстандан көмүр келбейт деген маалыматтарды төгүндөдү. 2-ноябрда Жогорку Кеӊеште 2017-2018-жылдардын күз-кыш мезгилине карата өлкөнүн экономика тармактарын жана калкын даярдоо маселеси каралган пленардык жыйында вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев учурда Казакстандан көмүр келе баштаганын билдирди. Ноябрь 100 миң тонна көмүр келет.

Сүймөнкул Идирисов, Биринчи радио