Жаңылыктар
Эскерүү күнү белгиленет, бирок 8-ноябрь иш күнү бойдон калды
Кыргызстан жаңылыктары
Эскерүү күнү белгиленет, бирок 8-ноябрь иш күнү бойдон калды

ЖК Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүн белгилөө жөнүндө токтом кабыл алды. Ошондой эле, бул токтом аркылуу майрам күндөрүнө байланыштуу мурда кабыл алынган бир катар токтомдор жокко чыгарылууда. Бирок 8-ноябрь иш күнү. Бул күндү календарда “Кызыл күнү” кылып жарыялоо үчүн Эмгек кодексине өзгөртүү киргизилиши зарыл. 


Бул жума Парламент кодексте өзгөртүү кийирүүгө жетишкен жок. Кыргызстандыктар эми 4-5-6-7-ноябрда эс алышат. Буга чейин комитетте талкууга алынганда 7-ноябрь Октябрь революциясынын күнү катары калтыруу зарылдыгын айтып, каршы пикирлер да айтылган эле. Президент Алмазбек Атамбаевдин демилгесинде кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндөгү мааниси зор болгон үч тарыхый окуяга басым жасалган. Бул күндөрү 1916-жылдагы Улуу Үркүн окуясы, 1917-жылдагы Октябрь революциясы жана 37-38-жылдарда репрессияга кабылган кыргыздын чыгаан уулдары эскерилет. 


Кыргызстандыктар тарыхты жана дал ушул тарых барактарында алтын тамгалар менен жазылып калган ата-бабалардын  эрдигин эстеп, дөөлөтүн даңтап, 7-ноябрь күндөрү – “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү” күндөрүн майрамдоо алдында турат. Мамлекет башчынын жарлыгында Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндөгү мааниси зор болгон үч тарыхый окуяга 1916-жылдагы Улуу Үркүн окуясы, 1917-жылдагы Октябрь революциясы жана 37-38-жылдарда репрессияга кабылган кыргыздын чыгаан уулдары эскерүүгө басым жасалган.

Токтомдо негизинен 7 - 8-ноябрды жумуш эмес майрам күндөрү деп жарыялоого байланыштуу Эмгек кодексине жана Улуу Үркүн окуялары менен репрессия курмандыктарын эскерүү күндөрү жөнүндө мурдагы чечимдерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган. 31-октябрда Парламенттин профилдик комитети талкууда токтом менен тааныштырган депутат Айнуру Алтыбаева.

Сүймөнкул  Идирисов Биринчи радио