Жаңылыктар
Сапар Исаков: "Кыргыз-өзбек кызматташуусу кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө активдүү аткарылууда"
Саясат
Сапар Исаков: "Кыргыз-өзбек  кызматташуусу кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө активдүү аткарылууда"

Премьер-министр Сапар Исаков Ташкент шаарындагы Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Исаков Ташкентке КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн келген. Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык, маданий-гуманитардык тармактагы эки тараптуу кызматташтык, ошондой эле чек ара жаатындагы маселелер талкууланган. Исаков Ариповго жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташуу өлкөнүн тышкы саясатындагы келечектүү багыттардан болуп саналаарын белгиледи.

Сапар Исаков, Кыргыз Республикасынын премьер-министри:

"Биз кызматташуунун кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө  активдешкенин көрүп жатабыз. Кыргызстан жана Өзбекстандын президенттеринин  жогорку деңгээлдеги эки жактуу сапары 25 жыл бою чечилбей келген маселелерди  ишке ашырууга тарыхый өбөлгө түздү".

Өзбекстандын премьер-министри Арипов өз сөзүндө Кыргызстандын өкмөтүнө октябрь айында Бишкек шаарында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. 

Ал ошондой эле 2017-жылдын январь-сентябрь айлары ичинде өлкөлөр ортосундагы соода жүгүртүү көлөмү 193 миллион долларды түзгөндүгүн маалымдады жана аталган көрсөткүчтү жылына 500 миллион долларга дейре жеткирүү зарылдыгын белгиледи.

Биринчи радио, Илгиз Жамалбеков