Жаңылыктар
Бишкек: түндө өрт кырсыгы катталып, эки кабаттуу үй менен 3 унаа күйүп кетти
Кырсык
Бишкек: түндө өрт кырсыгы катталып, эки кабаттуу үй менен  3 унаа күйүп кетти

Түндө, Бишкек шаарында катталган өрт кырсыгынан 2 кабаттуу  үй менен үч унаа күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Түнкү саат 01:15 чамасында чыккан өрттөн Гагарин-Люксембург көчөлөрүнүн кесилишинде эки кабаттуу турак үй менен бирге  “Мерседес Спринтер”, “Жигули”, “УАЗ” үлгүсүндөгү унаалары күйүп кеткен. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 1000 чарчы метрди түзөт.

Өрттү өчүрүүгө 3 өрт өчүрүүчү бөлүм, көчмө байланыш пункту менен ыкчам топ, 7 куткаруучу тартылган. Маалыматка ылайык жабыркагандар катталган эмес. Аткарылган иш-чаралардын негизинде саат 02:36да өрт чектөөгө алынып, таңкы 7лерде  толук өчүрүлдү. Өрттүн чыгуу себептери жана материалдык чыгымдары такталууда.