Жаңылыктар
Алмазбек Атамбаев шайлоодо утуп чыккан лидер Сооронбай Жээнбеков менен жолукту
Саясат
Алмазбек Атамбаев шайлоодо утуп чыккан лидер Сооронбай Жээнбеков менен жолукту

Президент Алмазбек Атамбаев шайлоодо утуп чыккан лидер Сооронбай Жээнбеков менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына болгон ат салышууда жеңип чыкканы менен куттуктады. 

Мамлекет башчысы ачык жана демократиялуу өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгы кыргызстандыктардын Сооронбай Жээнбековго ишенерин жана коомчулук өлкөнүн жаңы Президентинен көп жакшы иштерди үмүттөнүп жатканын белгиледи. 

Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков ички жана тышкы саясаттагы актуалдуу маселелерди талкуулады.