Жаңылыктар
Ташкентте өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги саммити жыйынтыкталды
Саясат
Ташкентте өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги саммити жыйынтыкталды

Ташкентте КМШ уюмуна кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги саммити жыйынтыкталды. 


КМШга кирген өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин кеңешинин кезектеги бул отуруму күн тартибине кирген олуттуу маселелер менен айырмаланып турат. Анын үстүнө Ташкентте КМШ саммити алгачкы жолу өтүп жатат. 


Бул ирет шериктештиктикке кирген мамлекеттердин өкмөт башчылары орчундуу делген соода- экономикалык, суу чарба, көгүлтүр от, күйүүчү жана майлоочу май, экономикалык коопсуздукка терс таасир тийгузүү коркунучу бар эл аралык монополияга каршы туруу аракеттери сыяктуу маселелерди чечүүнүн жол-жоболорун талкуулаганы чогулду.

Бул жолку отурумдун күн тартибине 20 долбоордун документи камтылган.


Эркин соода аянты боюнча маселени талкулоо маалында премьер-министри Сапар Исаков Кыргыз парламенти бул документти ратификациялап зарыл болгон жол-жоболорду иштеп чыкканын белгилеп келишимдин ички жол-жоболорун так сактоого чакырды. 


Себеби Казакстан бир тараптуу кырыз-казак чек арасында чектөө киргизилгендиктен 20 күндөн бери оор жүк ташыган унаалардын узун чакырымдык кезеги пайда болгон. Анын айынан жеке эле Кыргызстандын эмес Казакстандын жана үчүнчү мамлекеттердин ишкерлери жапа чегип жатканын белгилеген Сапар Исаков коңшу өлкөнүн мындай аракети ЕАЭБ менен Дүйнөлүк бажы уюмунун мыйзамдарына каршы келээрин ырастады. Ошол эле учурда коңшу өлкө ынандыраарлык жуйо келтирген жок-деди өкмөт башчы.



Казакстандын премьер-министри бул ирет да Ереванда айткан жүйөлөрүн келтирип Кыргызстан тарапты ынандыра алган жок. Ошол эле учурда Казакстан тарап ветеринардык, фитосанитардык жана бажы көзөмөлү боюнча орток пикир табууга кызыкдар экенин билдирди.


КМШга төрагалык кылуучу Орусиянын премьер-министри бул жагдайдан чыгуунун жолдору жакынкы убакта табылаарына ишеним артты. Жыйын соңунда талкуулаган маселелерди бекемдеген документтерге кол коюлду. КМШнын өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги саммити келерки жылы 1-июнда Душанбеде өткөрүү чечими кабыл алынды.