Жаңылыктар
Таластагы митинггдердин артында ким турат?
Кыргызстан жаңылыктары
Таластагы митинггдердин артында ким турат?

Таласта бүгүн да бир нече киши тынч митингге чогулуп, президенттен алардын дарегине айткан сөздөрү үчүн кечирим суроону талап кылышууда. 



Өмүрбек Бабановдун штабы дубандагы мындай митингдерге эч кандай тиешеси жок экенин айтып чыгышкан. Бул арада интернет баракчаларында Бабановдун жакын санаалаштарынын үнү жазылган аудиотасма жарык көрдү. Андагы сүйлөшүүлөрдө Таластагы акциялардын артында ким турганы даана эле көрүнүп турат. 



Таластагы каршылык акцияларын ким уюштуруп жатканы буга чейин бир гана саясий серепчилерге эмес, жалпы коомчулукка сыр болуп жаткан. Анткени кайсыл гана митинг, пикеттер болбосун каржылоосуз өтпөйт. Анын үстүнө дубанда бул биринчи жолку өнөктүк эмес.


Буга чейин Бишкекте Таластан келдик деген бир нече аксакал маалымат жыйын өткөрүп, президенттин айткан сөздөрүнө нааразы экендиктерин билдиришкен. Кийинчерээк интернет баракчаларына Өмүрбек Бабановдун жакын санаалаштары болгон бир нече адамдын телефондон сүйлөшүүсү жарык көрүп, анда ошол эле маалымат жыйын жана башка өнөктүктөр кандай уюштурулганы белгилүү болду.



Мунун бардыгы 16-октябрда, шайлоодон бир күн өткөндөн кийин башталган. Анда Бабановдун тарапташтары митингге чыгып, өздөрүнүн жердеши шайлоодо утулуп калганына нааразычылык билдиришкен. Өкмөттүн ошол кездеги Талас облусундагы өкүлү Дайыр Кенекеев элди ынтымакка чакырып Манас эпосунан үзүндү окуп берейин дегенде, ага тоскоол болуп окутпай коюшкан.


Бул окуя президент Алмазбек Атамбаевди да капа кылып, жөн гана эпостон үзүндү окуп берейин деген адамга тоскоолдук жараткандарга ыза болгонун билдирген.

Саясий серепчилер айрым адамдар Таласта абалды атайылап курчутуп жатышканын айтышат. Бабановдун жакын санаалаштары бул окуяда көшөгө артында турууга аракет кылышып, ошол эле учурда мындай ыплас иштерди уюштуруп жатышканы өкүнүчтүү дешет.