Жаңылыктар
Борбордо жылуулук эрте берилгенине ким жооп берет?
Экономика
Борбордо жылуулук эрте берилгенине ким жооп берет?

Бишкек шаарында жылуулукту эрте берүүдөн келтирилген чыгым эсептелет. Мындай маалымат өкмөттүн кышка карата даярдыкты талкуулаган кеңешмесинде айтылды. 


Октябрь айынын башында аба ырайы кескин өзгөргөндүктөн шаар тургундарына жылуулук берилип, бирок күн кайра жылыган. Жыйында ошондой эле аймактардын кышка даярдыгы да талкууланды. 



Кышка камылга маселеси вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин төрагалыгы менен өткөн кеңешмеде талкууланды. Бардык тиешелүү мекемелерге, облус жетекчилерине көмүрдүн баасын жогорулатпай кармап калуу талабы коюлду.


Кыргызстан көмүрдү Казакстандан да алат. Бирок, ошол эле учурда өлкө түштүгүндө өндүрүлгөн кара алтындан Тажикстанга да экспорттолот. Мындан улам бааны жогорулатпаш үчүн өлкө ичиндеги тартыштыкты жаратпоо максатында сыртка сатууну токтото туруу сунушталды.


Кышка даярдык маселеси буга чейин Жогорку Кеңеште да талкууланган. Анда айрым депутаттар Бишкекте жылуулук 20 күнгө эрте берилгендиктен 40 миллион сомго чейин чыгым келтирилиши мүмкүн экенин билдиришкен эле. Вице-премьер-министр эл өкүлдөрү көтөргөн маселени бул кеңешмеде да козгоп, жылуулук максатсыз колдонулганбы деген суроону койду. Тиешелүү мекемелер мындай чечим октябрь айынын башында аба ырайы кескин өзгөргөндөн улам кабыл алынганын билдиришти.


Аба ырайы кайра жылыган шартта шаар тургундарына берилген жылуулуктун деңгээлин төмөндөтүү мүмкүн эмес.



Айрым көйгөйлөрдү эске албаганда былтыркы жылга салыштырмалуу кышка даярдык жогору. Отурумга төрагалык кылган вице-премьер-министр айрым мекемелер көмүр үчүн деп берилген каражаттарды башка багытка жумшап жатканын айтып, мындай көрүнүштөр болбошу керектигин белгиледи.