Жаңылыктар
Өз алдынча канализация казуу аракети адам өлүмүнө алып келди
Кырсык
Өз алдынча канализация казуу аракети адам өлүмүнө алып келди

Ош шаардык суу канал муниципалдык ишканасынын уруксаты жок, өз алдынча канализация казуу аракети адам өмүрүн алуу менен аяктады. Ишкана кызматкерлеринин айтымында, мындай мыйзамсыз аракеттер коңшулаш райондун жашоочулары менен жыл сайын кайталанат. 


Бир адам гана басып өтө алчу мындай өтмөк жолду Оштун көп көчөлөрүнөн кезиктирүүгө болот. Кара-Суу районунун Мадумаров атындагы дал ушундай көчө аркылуу жеке клиника канализация алып өтүүнү көздөгөн. 


Канализация казууга тартылуучу оор техникаларга бул көчө тардык кылгандыктан, жумушчу күч жалданган. Техникалык коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан , өз алдынча казуу аракети эки адамдын өлүмү менен аяктады.



Канализация казууга бир эле, суу каналынан эмес, башка да кызматтардын уруксаат кагаздары толтурулат. Учурда, болуп өткөн окуя боюнча Кара-Суу райондук укук коргоо кызматы иликтөө ишин баштады.
Миргүл Бокошева, Жылдызбек Болотбеков, КБК Ош облусу.