Жаңылыктар
Башкы прокуратура Өмүрбек Бабановго кылмыш ишин козгоду
Кыргызстан жаңылыктары
Башкы прокуратура Өмүрбек Бабановго кылмыш ишин козгоду

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабановго жана башка жактарга Кылмыш кодексинин 297-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган - конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо жана 299-беренесинин 1-бөлүмүндө каралган - улуттук, расалык же диний аралык кастыкты козутуу кылмыштарынын белгилери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Ош шаарынын Он-Адыр кичи районунун тургундары менен жолугушкан учурунда Ө.Бабанов эл алдында сүйлөп, улуттар аралык кастыкты козутууга, адамдарды учурдагы бийликке баш ийбей жана аны кулатууга багытталган чакырыктарды айтууга жол берген. 

Бул туурасында Бабановдун айткан сөздөрүн талдап чыккан комплекстүү филологиялык-саясат таануу экспертизасы бышыктады.

Ошондой эле мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын бүтүмүнө ылайык электрондук жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган бул эл алдына чыгып сүйлөөдө монтаждын белгилери табылган эмес. Кылмыш иши мындан ары тергөө амалдарын уюштуруу үчүн УКМКга жөнөтүлдү.