Жаңылыктар
Алмазбек Атамбаев премьер-министр Сапар Исаковду кабыл алды
Саясат
Алмазбек Атамбаев премьер-министр Сапар Исаковду кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев Премьер-министр Сапар Исаковду кабыл алды. Жолугушууда кыргыз-казак чек арасындагы абал талкууланды. Ошондой эле тараптар коңшу өлкөнүн көзөмөл-өткөрүү бекеттеринде жаралган кырдаалдан улам зыянга учураган товар өндүрүүчүлөр, жүк ташуучулар жана ишкерлерге колдоо көрсөтүү боюнча көрүлүп жаткан чараларга дагы токтолушту. 

Мындан сырткары, мамлекет башчысы күз-кыш мезгилине болгон тармактык экономика, социалдык объектилер жана калктын даярдыгы боюнча аткарылган иштер тууралуу, жылытуу мезгилинде өлкөнүн энергетикалык системасынын туруктуу иштешин камсыз кылуу үчүн негизги энергетикалык объектилерди оңдоп-түзөө иштери жөнүндө маалымат укту. 

Президент көмүргө болгон баанын жаралышына өкмөт башчынын көңүлүн буруп, көмүрдүн баасын жөнгө салып, механизмдерин кылдаттык менен тезинен иштеп чыгуу керектигин белгиледи. 

Алмазбек Атамбаев жылытуу сезонунда калкты электр энергиясы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн бардык керектүү чараларды көрүү зарылдыгын баса белгиледи.