Жаңылыктар
Маршруттук унаалардын 15 айдоочусу жолдо жүрүү эрежеси боюнча экзаменди кайра тапшырат
Кыргызстан жаңылыктары
Маршруттук унаалардын 15 айдоочусу жолдо жүрүү эрежеси боюнча экзаменди кайра тапшырат

Бишкекте “Коомдук транспорт” деп аталган рейддин алкагында текшерүүгө алынган маршруттук таксилердин 15 айдоочусу жолдо жүрүү эрежеси боюнча экзаменди кайра тапшырат. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнин Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. 

Ага ылайык, 3 күн ичинде 82 мыйзам бузуу катталып, аларга административдик протоколдор түзүлгөн. Ошондой эле, рейд учурунда жүргүнчү ташуу үчүн коопсуздук талаптарына жооп бербеген 18 маршруттук такси унаа токтотуучу жайга коюлду. 

Эскерте кетсек, “Коомдук транспорт” деп аталган рейд 23-октябрда башталып, жыл аягына чейин уланат.