Жаңылыктар
Бишкекте катталган жол кырсыкта бир жаран тирүүлөй өрттөнүп кетти
Кырсык
Бишкекте катталган  жол кырсыкта бир жаран тирүүлөй өрттөнүп кетти

Бишкекте 5-ноябрда таңкы саат 4:30дар чамасында болгон жол кырсыгынан бир жаран тирүүлөй өрттөнүп кетти. Бул тууралуу күбөлөр социалдык тармактарга жазды. Күбөлөрдүн айтымында, жол кырсыгы Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан ири соода борборунун маңдайында болгон. 

Алдын ала маалымат боюнча кара түстөгү Toyota Camry Айтматов проспектиси менен ылдый түшүп келе жатып жолдон чыгып, каршы тилкедеги ак түстөгү Toyota Camry менен кагышкан. "Кара түстөгү автоунаа күйүп баштаганда, өрт өчүрүүчү жабдыкты алып чыгып, өчүрүүгө аракет кылышты. Бирок ал ойдогудай иштеген жок. Айдоочу күйүп кетти. Төрт киши каза болуп, экөө эсин жоготкон", — деп жазат колдонуучу. 

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрилиген билдиргендей, кырсыктан беш адам каза таап, үчөө ооруканага жаткырылды. Бирөөнүн баш мээси чайкалган, экинчисинин буту сынган, үчүнчү жабырлануучу жаагынан жараат алган.