Жаңылыктар
Келдибеков 10 жылга эркинен ажырашы мүмкүн
Коррупция
Келдибеков 10 жылга эркинен ажырашы мүмкүн

Мамлекеттик айыптоочу Ахматбек Келдибековду 10 жылга эркинен ажыратууну сунуштады. Экс-спикерге байланыштуу отурум Бишкек шаардык сотунда уланып, эки тарап жарыш сөзгө чыгышты. 

Айыптоочу Келдибековдун Салык кызматын жетектеп турганда да, Жогорку Кеңешке төрагалык кылган учурда да коррупцияга жол бергени далилденгенине ишендирет.



Айыптоочу тарап топтолгон материалдарга ылайык Акматбек  Келдибековдун жасаган кылмыш иштери толук далилденди деп эсептейт. Салык  кызматындагы “Бизнес партнер” ишканасы коррупцияны азайтуу максатында деп  түзүлүп, бирок иш жүзүндө паракорлукка жол берген. Мамлекеттин эсебине 2  миллион 316 миң 600 сом түшпөй калган. Ал эми Келдибеков Жогорку Кеңешке  төрагалык кылып турганда Москвада өкүлчүлүк ачуу тууралуу чечими парламенттин  тармактык комитетинде талкууланбай эле жалпы жыйында кабыл алынган. Буларды  эске алып айыпталуучу Акматбек Келдибековду 10 жылга эркинен ажыратып, сот  залынан камакка алууну сурайм.

Ал эми айыпталуучунун жактоочулары прокуратуранын сураган жазасына макул болбой, Келдибековду толук актоону өтүндү. Келдибековго каршы эч ким  доо кое албайт. Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын 56 депутаты суралып бардыгы,  өкүлчүлуктү ачуу коллегиялдуу чечим болгонун айтышты. Ал эми тармактык  комитеттен талкуудан өтпөгөнүнө токтолсок, ал учурда парламенттин комитеттери  толук түптөлүп, аныктала элек болчу-, дейт Азимбек Бекназаров.

Буга чейин Биринчи май райондук соту Келдибековду Салык кызматындагы иштери боюнча актап, ал эми Москвада өкүлчүлүк ачуу боюнча айыптуу деп таап, 3 миллион сомго айыпка жыккан. Бул чечимге эки тарапт тең макул болбой, шаардык сотко кайрылышкан. Кийинки отурум эртең 11-мартта уланат.

Калыгул Асамбаев, БИРИНЧИ РАДИО