Жаңылыктар
Бишкек-Ош жолунун 457-чакырымында катталган жол кырсыгынан 10 адам каза тапты
Кырсык
Бишкек-Ош жолунун 457-чакырымында катталган жол кырсыгынан 10 адам каза тапты

6-ноябрга караган түнү Бишкек-Ош жолунун 457-чакырымында катталган жол кырсыгынан 10 адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү унаа менен “МАН” газ ташуучу унаа бетме-бет кагышкан.

Курман болгондордун ичинде 6 айлык наристе да бар. Кырсык түнкү саат 00:05те катталып, 8 адам окуя болгон жерде мерт кеткен. Ал эми экөө ооруканада көз жумган. Учурда каза болгон адамдардын өздүгүн тактоо иштери жүрүүдө.