Жаңылыктар
Аида Салянованын бир тууган инисин атып кетишти
Кылмыш
Аида Салянованын бир тууган инисин атып кетишти

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын бир тууган инисин атып кетишти. 6-ноябрда түнкү саат экилер чамасында Бишкектин Көк-Жар конушунда жашаган Улан Саляновдун үйүнө беткап тагынган, куралчан адамдар кирип келип, аны атып кетишкен.

Кол салуудан 42 жаштагы Улан Салянов каза тапкан. Учурда Чүй облусунун Аламүдүн райондук жана Бишкек шаарынын Октябрь райондук тергөө топтору иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Кол салуу учурунда Саляновдун жанында болгон жубайы, балдары көрсөтмө берип жатышат. Улан Саляновдун өлтүрүлүшү боюнча кылмыш жаза кодексинин 97-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгонун Чүй облустук милициясы билдирди.