Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-өзбек алакасынын актуалдуу маселелери талкууланды.
Тараптар эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын жолугушуусундагы жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жолдору туурасында пикир алышышты. Ошондой эле, унаа, туризм жана соода-экономикалык алаканы арттыруу тууралуу сөз болду.