Жаңылыктар
Каргашада 5 адам набыт болуп, жаракат алгандар ооруканага оор абалда жеткирилген
Кырсык
Каргашада 5 адам набыт болуп, жаракат алгандар ооруканага оор абалда жеткирилген

Патрулдук милиция жекшемби күндүн таңында борбор калаада болгон жол кырсыгынын себептерин аныктоодо. Бишкекте катуу ылдамдыкта келе жатып кагылышкан эки унаадагы 5 адам көз жумган. Алдын ала маалыматтарга караганда унаанын айдоочусу рулду башкара албай калган. 

Жол кырсыктары дээрлик ар күн сайын адам өмүрүн алууда. Жекшемби күнү таңда болгон каргашалуу окуя жолдун боштугунан пайдаланып ылдамдыкты жогорулатуунун кесепети канчалык экенин көрсөттү. Айтматов проспектиси менен Горький көчөсүнүн кесилишинде эки жеңил унаа каршы-терши келе жатып сүзүшүп, кагылышуу катуу болгондуктан тетиктер эки жүз метрге чейин чачырап, өрт жалындаган. 

Каргашада 5 адам набыт болуп, жаракат алгандар ооруканага оор абалда жеткирилген. Былтыркы жылга салыштырмалуу жол кырсыктары азайганы менен, өлкөдөгү башкы көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда. Адистердин айтымында буга унааны мас абалында айдоо, ылдамдыкты жогорулатуу сыяктуу эреже бузуулар себеп болуп жатат. Мындай көрүнүш өлкөнүн башка аймактарындай эле Бишкек шаарына да мүнөздүү.

Үстүбүздөгү тогуз айдын ичинде жол кырсыктарынан 600дөн ашык адам каза болгон. Алардын 76сы балдар. Бишкектеги 5 адамдын өмүрүн алган ири жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголуп, экспертиза дайындалган. Алдын ала маалыматтарга таянсак, маркум айдоочу рулду башкара албай калганы кырсыкка себеп болгон.