Жаңылыктар
Бишкектеги эски аянтта "Градус кап" чемпионатынын экинчи этабы өттү
Спорт
Бишкектеги эски аянтта "Градус кап" чемпионатынын экинчи этабы өттү

Бишкектеги эски аянтта "Градус кап" чемпионатынын экинчи этабы өттү. Ага унааны тез ылдамдыкта чимирилтип, жогорку чеберчилик менен айдаган ата мекендик жана коңшу өлкөлөрдүн 30га жакын айдоочулары катышты. Мелдешке катышуу үчүн 30 арыз катталганына карабай, квалификацияны болгону он алтысы гана тапшыра алды. 

Унааны чимирилтип айдоо жөндөмдүүлүгүн көрсөтүү үчүн Кыргызстан менен Казакстандын айдоочулары эски аянтка чогулушту. Алар чукул бурулушту тез алдымдыкта өтүп, ошол эле учурда унаанын дөңгөлөгүн чимирилтип айдоосу керек. Мындай айдоо баарынын эле колунан келе бербейт. Анан калса, унаалардын көпчүлүгү арткы тарткычы менен.

Мелдеш эки категорияда өттү. "Стрит" деп аталган категорияда айдоочулук шыгын жалгыз көрсөтөт. Ал эми "про" категориясындагы байге үчүн тажрыйбасы мол айдоочулар күч сынашты. Мында экиден жарышып, унааны чимирилтип эле тим болбой, жеңиш сызыгына атаандашынан озуп биринчи жетиши шартка ылайык.

Шаар тургундарына арналып "унаа көргөзмөсү" да болду. Адреналинди сүйгөн жүргүнчүлөргө атайын "жогорку ылдамдыкта" жүргөн таксиге түшүү мүмкүнчүлүгү да каралган.

Спортчуларга шыкак берүү үчүн баш байгеге Жи-Драйв сортундагы күйүүчү майдын 500 литри берилмекчи. Буга кошумча калыстар тобунун төрагасы Аркадий Цареградцевдин мыкты баалоосуна арзыганга аракет көрүлдү. Өз кезегинде Аркадий Цареградцев мындай спорттук мелдештерди Россияда негиздеген жана эл аралык "Гранд прикс" мелдешинин вице-чемпиону.

Экстремалдык чимирүүлөр учурунда бири-бирин сүзүп алгандар да болду. Бактыга жараша эч ким жабыркаган жок.