Жаңылыктар
Кар көчкүдөн аман калган туристтер
Туризм
Кар көчкүдөн аман калган туристтер

Жакында интернет желесине Ленин чокусуна көтөрүлүп бара жаткан альпинисттерди көчкү басып калган видео тарады. Бактыга жараша кар алдында калган чет элдик туристтер аман калган. 

Интернетке чыккан видео адамдын жүрөгүнүн үшүн алат. Тонналаган көчкү жогорулап бара жаткан альпинисттерди көздөй агылып келип, аларды басып калды. Окуяны тоонун бери жак бетиндеги жайгашкан туристтин бири тартып, интернетке жүктөгөн.



Ажалы жок Европалык 8 тоо туристи Ленин чокусун багындырабыз деп аттанган. Кантип аман калды табышмак, же өз ишин мыкты билген альпинисттерби, айтор көчкүдөн адам өмүрү кыйылган жок. Видео Кыргызстанда альпинисттердин сезону болгон июль айында тартылган.

Учурда 9 ири ассоциация туризмдин бул түрүн өнүктүрүп, жолго салабыз деп туризм департаменти менен тыгыз кызматташып келет. Тараптар өлкөнүн туризм тармагына байкоо жүргүзүп, көзөмөл кылчу жаңы мыйзамдын үстүнөн иштеп жатканын туризм ассоциациясынын башчысы билдирди.

Бийик чокуну багындырам деп алыстан ат арытып келген альпинисттер биринчиден коопсуздугун өзү колго алышы керек. Медициналык камсыздоону эске алып, мамлекеттик каттоодон өтүп, бир катар маанилүү талаптарды аткаруусу зарыл. Эгер эрежелер сакталбаса, коопсуздугу боюнча жоопкерчиликти өздөрү же чакырган туристтик компания алат.