Бишкекте белгилүү журналист Геннадий Павлюк эскерилди. Иш-чарага массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге Президенттин аппаратынын жетекчиси Алмаз Үсөнов да катышты.
Учурунда Геннадий Павлюк качкын президент Курманбек Бакиевдин саясатын сындаган макалаларды жарыялаган.
Ал 2009-жылы 22-декабрда Алматыда өлтүрүлгөн. Ыңкылаптан кийинки тергөө иштери кылмыштын артында мурдагы бийлик тураарын аныктаган.