Жаңылыктар
Бишкекте 4 адамдын өмүрүн алган дагы бир жол кырсыгы катталды
Кырсык
Бишкекте 4 адамдын өмүрүн алган дагы бир жол кырсыгы катталды

Манас аэропортуна баруучу унаа жолунда жол кырсыгынан 4 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты. 

Кечээ, 6-ноябрда кечки саат 20:30дарга жакын  Бишкек-Манас аэропорту унаа жолунда (Пригородное жана Достук айылдарынын ортосу) БМВ үлгүсүндөгү  жеңил унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып бакты сүзгөн.

Жол кырсыктын кесепетинен 4 адам каза болуп, 1 адам жабыркаган. ӨКМнин куткаруу тобу келип, каза болгондорду унаадан чыгарышкан. 

Жабыркаган адам ооруканага жеткирилип, ал эми каза болгондор өлүк сактоочу жайга жеткирилгеню