Жаңылыктар
Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдө

Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү белгиленүүдө. Анын алкагында президент Алмазбек Атамбаев бүгүн “Ата-Бейит” Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барып, 1916-жылдагы каргашалуу окуяларда курман болгондордун мемориалына, саясий репрессиялардын курмандыктарынын эстелик-мемориалына, ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун көрүстөнүнө гүл койду.

Эскерүү иш-чараларында өлкө башчыны жаңы шайланган президент Сооронбая Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, Премьер-министр Сапар Исаков жана Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева коштоп жүрүштү. Алар 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын эстелигине барып, куран окутушту. 

Андан соң, Бишкектеги Жеңиш аянтында болуп, 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жана оруктун эмгекчилеринин элесин эскерип, Түбөлүк отко гүл коюшту. Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган, анын ичинде Кыргызстандын калыптануусундагы жана өнүгүүсүндөгү тарыхый инсандардын ролуна байланыштуу тиешелүү иш чаралар өлкөбүздүн бардык аймактарында облустардын жана райондордун жетекчилеринин катышуусунда өткөрүлүүдө.