Жаңылыктар
Кыргызстан жана Россия элдер достугу монументиндеги гүлбактын ачылышы болду
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жана Россия элдер достугу монументиндеги гүлбактын ачылышы болду

Президент Алмазбек Атамбаев Бишкектеги Кыргызстан жана Россия элдер достугу монументинин жанындагы гүлбактын ачылыш аземине катышты. Аталган иш-чара бүгүн белгиленип жаткан Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата орун алды. 

Бул жерге Элдер достугунун монументи 1974-жылы, Кыргыз автономдуу облусунун Орусиянын курамына киргендигинин 100 жылдыгына арналып орнотулган. 

“Ала-Тоо” аянтына жакын жакын жайгашкан гүлбагы эки элдин ажырагыс биримдигинин символу болуп турат. Буга чейин өлкө башчысы өз фондунан аталган монументти түптөө жана тегерек-четин көрктөндүрүү үчүн 3 миллиондон ашык сом бөлгөн.