Жаңылыктар
Кыргыз-казак чек арасындагы абал жеңилдеди
Чек ара
Кыргыз-казак чек арасындагы абал жеңилдеди

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрмө жайында жүк ташуучу унаалардын саны кыйла азайды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, көзөмөл-өткөрмө жайында бош оор жүк ташуучу унаалар көп турган, бизге маалым болгондой, аларды казак тарап эч кандай текшерүүсү жок эле өткөрүп жатат. Бир нече күн мурун көзөмөл-өткөрмө жайында дээрлик 460-500 жакын жүк ташуучу унаа кезек күтүп турган. Буга премьер министр Сапар Исаковдун Ташкенттеги КМШ мамлекеттеринин жыйынындагы чек арадагы абал боюнча ачык билдирүүсү себеп болгондугун айтышууда.

 

Эске сала кетсек,  Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында өткөн КМШ мамлекеттеринин өкмөттөр аралык кеңири курамдагы жыйында сөз алган өкмөт башчы Сапар Исаков кыргыз-казак чек арасында эркин соода боюнча ЕАЭБ жана Дүйнөлүк соода уюму милдеттемелерине карабай Казакстан жасалма тосмону коюп, оор жүк ташуучу унаалар чек арадан өтө албай токтоп турганын, мындан сырткары кыргыз-казак эмес, үчүнчү өлкөнүн бизнесмендерине да терс таасири тийип жаткандыгын белгилеген.


Чек арадан казак тарапка өтүү 10-октябрда татаалдаган болчу. Соңку күндөрү жалпысынан 500-600гө чейин унаа топтолгон учурлар болгон. "Ак-Тилек" бекетинде күнүнө чек арадан 100дөй унаа өтүүдө.  Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы "Ак-Тилек" чек ара бекетинде 30 оор жүк ташуучу унаа турат, Панфилов районунун "Чалдыбар" чек ара бекетинде унаалар жок. 

Биринчи радио, Илгиз Жамалбеков