Жаңылыктар
Сталиндик репрессиянын бейкүнөө курмандыктарын эскерүү
Кыргызстан жаңылыктары
Сталиндик репрессиянын бейкүнөө курмандыктарын эскерүү

1938-жылдын ноябрь айында Жусуп Абдрахманов, Иманалы Айдарбеков, Төрөкул Айтматов, Баялы Исакеев, Эркинбек Эсенаманов, Касым Тыныстанов башында турган кыргыз интеллигенциясынын каймактары эл душманы аталып, атууга кеткен.Ошол убакта алардын сөөгү кайсыл жерге коюлганы коомчулукка эле эмес, балдарына да белгисиз болгон. 


80 жыл мурда кыргыз элинин тарыхында болгон кайгылуу окуянын ачыкка чыкканына 26 жыл гана болду. 



38-жылы эл душманы аталгандар 57-жылы гана акталышкан. Бирок алардын кайсыл жерде көмүлгөнү 1991-жылы гана белгилүү болду. Көрсө Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов жана Баялы Исакеев баштаган 137 кишинин сөөгү 38-жылы Чоң-Таш айылындагы кыш заводунун мешине ташталганы тууралуу сырды Бүбүйра Кыдыралиева ачкан. Ал жер “Ата-Бейит” деп аталып, маркумдардын сөөгү урмат менен жерге берилген.




Тарыхты өзгөртүүгө болбойт. Убакыттын өтүшү менен жаңы фактылар толукталып, кийинки муун өткөндү билиши керек. Ушул максатта президент 7-8-ноябрды Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү деп жарыялады.