Жаңылыктар
"Кентавр" тасмасы Түркиядагы эл аралык фестивалда ат салышат
Маданият
"Кентавр" тасмасы Түркиядагы эл аралык фестивалда ат салышат

Белгилүү режиссер Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасы Түркиянын Малатия шаарында өтө турган эл аралык кинофестивалда ат салыша турганын "Кинематографты колдоо" фондусу билдирди. 

Маалыматка ылайык, Malatya International Film Festival аталышындагы маданий иш-чара 9-16-ноябрга белгиленген. "Кентавр" фестивалдын "Чет элдик тасма" номинациясына сунушталган. 

Ал эми иш-чаранын алкагында өтүүчү "Кыскаметраждуу чет элдик тасма" сынагына Зирегүл Кубандык кызынын "Түнкү конок" фильми катышаары күтүлүп жатат. 

Malatya International Film Festival — ири байге фондусу бар толук жана кыска метраждуу тасмалардын эл аралык фестивалы. Жеңүүчүлөргө "Кристалл өрүк" айкели ыйгарылат.