Жаңылыктар
8-ноябрь - Кыргызстанда репрессия курмандыктарын эскерүү күнү
Кыргызстан жаңылыктары
8-ноябрь - Кыргызстанда репрессия курмандыктарын эскерүү күнү

8-ноябрь - Кыргызстанда репрессия курмандыктарын эскерүү күнү. 1938-жылы репрессия маалында саясий көз карашы үчүн куугунтукталып, жазыксыз атылган атуулдар эскерилип, арбактарына куран окутулат. 

Учурунда "улутчул, эл душманы" деген айып менен атылган 137 адамдын сөөгү көмүлгөн жер Кыргызстан эгемендик алаар жылы жайында аныкталган. 

Сөөктөр 1991-жылы 30-августта кайрадан жерге берилип, бул көрүстөн жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сунушуна ылайык “Ата-Бейит” деп аталган.