Жаңылыктар
Экспортту жакшыртууга көрүлгөн чаралар
Айыл чарба
Экспортту жакшыртууга көрүлгөн чаралар

Экономика министрлиги ишкерлер үчүн “Экспорт кербени-2” өнөктүгүн өткөрө баштады. Анда товарларды таңгактоо жана белги коюу, Евразия экономикалык биримдигинин талаптарын аткарууга байланышкан маалыматтар берилет. 


Иш-чара Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин адиси Кодзи Уехигашинин тренинги менен башталды. Ишкерлерге маалымат берүү өлкөнүн башка аймактарында да бир ай бою улантылат.



“Товарлар талаптагыдай таңгакталып, туура белги коюлса башка өлкөгө алып чыгууда тоскоолдукка учурабайт. Мындан сырткары анын өтүмдүү болушуна да шарт түзүлөт. Керектөөчү продукциянын даамын татып көрүүдөн мурда, анын көрүнүшүн баалап сатып алаары анык. Татып көргөндөн кийин даамы да жакса, туруктуу кардар пайда болот. Андыктан туура таңгактоо ишкердин ийгиликтеринин башаты болуп саналат.”-деп билдирди Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин адиси Кодзи Уехигаши.