Жаңылыктар
Памирлик кыргыздарга президент үй белек кылды
Кыргызстан жаңылыктары
Памирлик кыргыздарга президент үй белек кылды

Президент Алмазбек Атамбаев Памирден келген Абдыбаит Жээнбековдун үй-бүлөсүнө Нарын шаарынан 6 бөлмөлүү үй белекке берди. 

Үйдүн ачкычын тапшыруу аземине Президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары Мухамметкалый Абулгазиев, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты. 

Мындан тышкары президенттик фонддун эсебинен үй эмеректери да алынган. Эскерте кетсек, жаңы конуштуу болгон памирлик Абдыбаит Жээнбековдун жубайы Кыргызстандан көз жарып, ысымын Алмазбек койгон.