Жаңылыктар
Нарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү белгиленди
Аймак
Нарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү белгиленди

7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү. Өлкө башчысынын бул жарлыгына ылайык, республиканын бардык дубандарында эскерүү иш-чаралары өттү. 

Нарын шаарында да иш-чара кыргыздын тунгуч революцонери Таабалды Жукеевдин эстелигине гүлчамбар коюу менен башталып, куран окулду.

Ал эми шаардык музей кызматкерлери көчмөн элдин тарыхынан кабар берген көргөзмөнү келгендерге сунуштады.


Тарыхты өзгөртүп, бурмалоого мүмкүн эмес. Дубал толо илинген сүрөттөр ата-бабалар басып өткөн жолдун ачык күбөсү.



Эскерүү иш-чарасынын соңу Нарындагы Тайлак баатырдын эстелигине гүл коюп, кыргыз үчүн чепте бекем турган балбанды эскерүү менен жыйынтыкталды.