Жаңылыктар
Россиядагы мигранттар айылдашына үй белек кылышты
Кыргызстан жаңылыктары
Россиядагы мигранттар айылдашына үй белек кылышты

Мүмкүнчүлүгү чектелген, Сузак районунун Октябрь айылынын тургуну Жеңишбек Хидилов үй-бүлөсү менен турак жайлуу болду. 

Жаңы тамды Орусияда иштеп жүргөн айылдаш мигрант жаштар салып берди. Турак үй мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн керектелүүчү бардык шарттары менен камсыздалып курулган. Буга чейин Хидиловдор ушул эле айылдагы үйлөрдүн бирин ижарага алып жашап келишкен.


“Баардык шарты менен куруп беришти. Эшик алдынан кире турган пандусы менен. Биз үчүн чоң майрам,бизге колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык.”-деп сүйүнүчү менен бөлүштү Жеңиш Хидилов.