Жаңылыктар
Ипотекалык насыя менен турак жай алгандардын саны көбөйдү
Экономика
 Ипотекалык насыя менен турак жай алгандардын саны көбөйдү

Ипотекалык насыялардын үстөгүн 8 пайызга чейин төмөндөтүү чечими өз жемишин бере баштады. Анын негизинде турак жай алгандардын саны көбөйүп, азыркы күндө алардын саны 2 миңден ашты. Буга чейин өкмөт башчы "Жеткиликтүү турак жай 2015-2020" программасына ылайык, пайыздык үстөктөрдү төмөндөтүү тапшырмасын берген. Айтмакчы, ипотека алгандардын көбү дарыгерлер жана мугалимдер. 

Эрбол Сүйөркулов эне жана баланы коргоо борборунда балдар бет жаак бөлүмүндө хирург дарыгер. Эртеден кечке жумушта, бейтаптарды көрүү, операция жасоо менен алек. Ал бул кесипти жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери аркалап келет.  Эрбол Сүйөркулов өзүнүн жеке турак жайына жакында эле ээ болду. Буга чейин үй бүлөсү менен ижарага алынган батирлерде, туугандарыныкында жашап келген. Анын жаңы үйлүү болушуна мамлекеттик ипотекалык программасы негиз болгон.

Ал үчүн мамлекеттик ипотекалык компаниядан үй алуу өтө деле оорго турган эмес. Тиешелүү документтерин топтоп, комиссиянын сынынан өткөндөн кийин дароо турак жайды издөөнү баштаган. Ошентип бир жарым айдын ичинде өзү максат кылып келген үйгө көчтү. Бул өңдүү мамлекеттик ипотекалык программанын негизинде турак жай алган дарыгерлердин саны өлкө боюнча 350дөн ашты. Алардын катарында мугалимдер, бюджеттик мекемелердин кызматкерлери да бар.

Адистер мамлекеттик кызматкерлер үчүн ипотека программасы абдан ыңгайлуу экенин айтышат. Насыялар 10-15 жылга төмөн пайыздык үстөк менен берилет. Белгилей кетүүчү жагдай каражат доллар менен эмес, улуттук валюта - сом түрүндө.