Жаңылыктар
Бишкек: Иса Ахунбаев көчөсү узартылууда
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек: Иса Ахунбаев көчөсү узартылууда

Борбор калаадагы Иса Ахунбаев атындагы көчө Дооронбек Садырбаев көчөсүнөн тарта батышты көздөй Сокулук районунун Ак-Ордо конушуна чейин узартылат. 

Бул тууралуу шаар мэри Албек Ибраимов өзүнүн фейсбук баракчасына жазган. 

Мэриянын берген маалыматына караганда жолдун жалпы узундугу 5 чакырымга чейин созулуп, туурасы 15 метрди түзөт. Жол салынуу үчүн мыйзамсыз салынган 192 курулуш алынды.

 Анын жээгине жөө адамдар басуучу жол жана жол чырактар коюлары мерчемделүүдө.