Жаңылыктар
Мамкаттоо кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды
Кылмыш
Мамкаттоо кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери 25 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик каттоо кызматкери жарандан "Ленд Ровер" унаасын алгачкы ирет каттатуу үчүн 25 миң 500 сом талап кылган. Ал эми мыйзамга ылайык, аталган автоунааны алгачкы ирет каттоо анын кыймылдаткычынын көлөмүнө жана чыккан жылына карата 17 миң 500 сомду түзөт. 

Учурда кылмыш иши козголуп,тергөө амалдары жүрүүдө.