Жаңылыктар
Борбордо биринчи асма өтмөктүн ачылышы өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Борбордо биринчи асма өтмөктүн ачылышы өттү

Бишкек шаарында биринчи жолу жөө адамдар үчүн асма өтмөк салынып, анын ачылышы болду. 

Жибек Жолу жана Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишинде, тагыраак айтканда, Аламүдүн базарынын маңдайына курулган асма көпүрө, эми жолдон ары бери өткөн жарандар үчүн коопсуз жайга айланды. 

Узундугу 33 метр, туурасы 3 метр болгон өтмөктү курууга Бишкек мэриясы 17 жарым млн.сом каражат бөлгөн. Шаар башчысынын айтымында, ноябрь айынын аягына чейин Бишкекте дагы бир өтмөктүн курулушун бүткөрүү пландалууда.