Жаңылыктар
Нурак Абдрахмановдун 70 жылдыгына карата комузчулардын республикалык сынагы өттү
Маданият
Нурак Абдрахмановдун 70 жылдыгына карата комузчулардын республикалык сынагы өттү

Кыргыз Эл артисти, залкар комузчу Нурак Абдрахмановдун 70 жылдыгына карата комузчулардын республикалык сынагы өттү. Кароо сынак Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын кичи залында болду. 

Иш-чарага Нурак Абдрахмановдун күүлөрүн жогорку деңгээлде черте билген 35 жашка чейинки 20 комузчу катышты. 

Алар залкар комузчунун "Соң-Көл", "Улуу тоолор", "Мезгил жаңырыгы", "Аттила хан", "Ата мурасы", "Азаттык камбаркан", "Өмүр көчү", "Алтын балалык", "Үркүн", "Шаттык" аттуу күүлөрүнүн ичинен үчөөнү тандап чертүүсү шарт. 

Уюштуруучулар билдиргендей, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 10-ноябрда өтөт.