Жаңылыктар
Бишкекте атактуу актёр жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун айкели ачылды
Маданият
Бишкекте атактуу актёр жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун айкели ачылды

Бишкекте СССРдин Эл артисти, атактуу актёр жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун айкели ачылды. Аземге премьер-министр Сапар Исаков баштаган бийлик өкүлдөрү катышып, залкар инсан эскерилди.

Эстелик скульптор Алмаз Кожогулов тарабынан жасалып, ага Президент Алмазбек Атамбаев, Бишкек мэриясы жана бир катар коомдук ишмерлер колдоо көрсөткөн. 

Сүймөнкул Чокморовдун көзү тирүү болгондо 9-ноябрда 78 жашка чыкмак. Ал 1939-жылы Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында туулган. Мектептен кийин Ленинграддагы Көркөм Академияга тапшырып, аны аяктаган соң, Фрунзедеги Көркөм окуу жайында сабак берген. Чокморов киного 1969-жылы келген. 

Биринчи ролу "Караш ашуудагы атыш" тасмасында башкы каармандын ролун аткарган. Өзүнүн кыска өмүрүндө Чокморов 500дөн ашуун сүрөт жараткан. Анын тарткан сүрөттөрү Россия, Испания, Англия, Германия, Куба, Япония, Африка жана башка бир топ өлкөлөрдүн музейлеринде сакталып калган. 

Ал Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин эки жолку депутаты болгон. Сүймөнкул Чокморов 1992-жылы Бишкек шаарында 53 жаш курагында көпкө созулган оорудан кийин дүйнө салган.