Жаңылыктар
Чоң-Алай: көп балалуу жана аз камсыз 100 үй-бүлө акысыз көмүр менен камсыздалды
Кыргызстан жаңылыктары
Чоң-Алай: көп балалуу жана аз камсыз 100 үй-бүлө акысыз көмүр менен камсыздалды

Премьер-министр Сапар Исаков Чоң-Алайлык көп балалуу жана турмуш-шарты начар 100 үй-бүлөнү акысыз көмүр менен камсыз кылды. Алты ай бою кыш мезгили өкүм сүргөн алыскы аймактын жашоочуларынын кышка даярдыгы кандай? 

Чоң-Алай өрөөнү Оштун борборунан 360 чакырым алыстыктагы климаттык шарты катаал аймак. Алты айлап кыш болчу өрөөндүн тургундары көбүн эсе мал чарбачылыгы менен алектенет. Демек, тоютту белен камдоо зарыл.

Жер кыртышы болсо, кара топурак болгондуктан, өрөөндө картөшкө жакшы өстүрүлөт. Аймактагы 11 жарым миң гектар жер аянтынын 1550 гектарына дал ушул өсүмдүк эгилет, же, мындагылар жылына 24 миң тоннага жакын картөшкө алышат. Ал эми аны сактоочу жер төлө ар бир Чоң-Алайлыктын короосунда бар.

Аймактын шартына көнгөн жергиликтүүлөр эрте жаздан тартып, кыш мезгилинин камын көрүп, отун-суу камдаганга аракеттенет. Аймактагы жалгыз көмүр кенинин учурда токтоп турушу жергиликтүүлөрдү тынчсыздандырууда.

Октябрь айында Чоң-Алайга иш сапары менен барган учурунда премьер-министр Сапар Исаков аймактагы көп балалуу жана турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө кара алтындан жардам берерин убадалаган.

Чоң-Алайлык бир үй-бүлөгө жылына кыш мезгилине алты миң тоннадай көмүр керектелет. Үч чоң айыл өкмөтүнөн турган Чоң-Алай өрөөнүндө 30 миңден ашуун калк жашайт.